Быйыл Япониянын борбору Токио шаарында өтө турган XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын кийинки жылга жылдырылышы боюнча Кыргыз өлкөсүнүн Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Канат Аманкулов билдирүү жасады.
"Урматтуу спортчулар, машыктыруучулар, спорттук дарыгерлер, спорттун түрлөрү боюнча федерациялардын өкүлдөрү жана спорттун сүйүүчүлөрү!
2020-жылдын 24-мартында Япониянын премьер-министри Абэ Синдзо Токио-2020 уюштуруу комитетинин жана эл аралык олимпиада комитетинин чечими менен Токиодо өтө турган XXXII жайкы Олимпиада, XVI Паралимпиада оюндары 2021-жылга жылдырылды.
Биздин спортчулар катуу даярдык көрүп, олимпиада медалдарын жеңүүнү максат кылып келген. Биздин бүгүнкү максатыбыз – спортчулардын олимпиадалык духун көтөрүп, алардын коопсуздугун камсыздоо болуп саналат.
Биз менен бирге олимпиада медалдарына аттангандардын баарына, машыктыруучулардын атлетчилерге болгон ишеними үчүн, спортчулардын тартиби жана аракети үчүн, күйөрмандардын спортко болгон сүйүүсү үчүн, спорттук дарыгерлердин жана федерациялардын өкүлдөрүнүн өлкөдө спорттун өнүгүшүнө кошкон салымы жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдиребиз!
Спортчулардын ден соолугу бардык сыйлык жана медалдардан кымбат!" - деп билдирет агенттиктин директору.
Маалыматка ылайык, "Токио-2020" жайкы олимпиада оюндары коронавирус пандемиясы күчөп жаткандыгына байланыштуу 2021-жылдын жай айларына жылдырылган.