UFC 249: Турнир 9-майда көрүүчүлөрсүз өтөт

Коронавирус пандемиясынан улам белгисиз убакытка жылдырылган UFC 249 турнири 9-майда өтөт. Бул тууралуу аталган уюмдун сайтына жарыяланды.

"Коронавируска байланыштуу коомдук иш-чараларга коюлган чектөөлөргө ылайык, турнир 9-майда көрүүчүлөрсүз өтөт", - деп жазылган билдирүүдө.

Маалыматка ылайык, бул турнир алгач 18-апрелде өтөт деп пландалган, бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу кийинкиге жылдырылган. Ошол эле учурда орусиялык Хабиб Нурмагомедов Тони Фергюсондун атаандашы болушу керек болчу, бирок Орусиядан АКШга учууга мүмкүнчүлүгү жоктугун айтып, ал өзүнүн катышуусу менен болгон мелдештин жокко чыгарылгандыгын жарыялаган.

Турнир АКШнын Флорида штатындагы Жексонвилл шаарында болот. Турнирдин негизги беттеши катары 36 жаштагы америкалык мушкер Тони Фергюсон менен анын 31 жаштагы жердеши Жастин Гейтжинин беттеши болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан