Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жана премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушту. Анда өлкөдөгү азыркы эпидемиологиялык кырдаал, мамлекеттик органдардын экономикалык терс кесепеттерин азайтуу жана аны жеңип чыгуу жаатындагы ишмердүүлүгү, ошондой эле постпандемиялык мезгилге биринчи кезектеги пландар боюнча пикир алышуу болду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматынан кабарлашты.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кризиске каршы чаралар планын ишке ашыруу, өлкө аймагына коронавирус инфекциясынын андан ары жайылышына жол бербөө аракеттери боюнча өкмөттүн ишмердүүлүгү жөнүндө айтып берди.
Эпидемиологиялык кырдаалга жана илдетти жугузуу боюнча жаңы учурларга күчөтүлгөн көзөмөл жүргүзүлүп, оорудан айыгып чыккандардын тенденциясы байкалып жатканы белгиленди.
Мамлекет башчысы айрым региондор жана жалпы республика боюнча эпидемиологиялык кырдаалдын мындан аркы өнүгүшүнө жараша экономикалык ишмердүүлүктү этабы менен жандандыруунун ар кандай варианттары каралышы керектигин айтты.
Ошону менен бирге Сооронбай Жээнбеков мындан ары дагы өзгөчө илдет менен ооруп жаткандар көп катталган аймактарда бардык карантиндик-санитардык талаптар кынтыксыз сакталышы зарылдыгына көңүл бурду.