Санкт-Петербург шаарында коронавирустун эл арасына жайылуусу 120 миң адамга чейин жетиши мүмкүн

Санкт-Петербург шаарында COVID-19 пандемиясынын эл арасына жайылуусу 120 миң адамга чейин жетиши мүмкүн. Мындай божомолду математикалык эсептөөлөрдүн негизинде илимпоздор шаардык бийликтин өтүнүчү боюнча жасады.

Бул тууралуу облус губернаторунун орун басары Владимир Княгинин эл арасында эреже сакталбаса, айтылган сандагы жарандар пандемия менен жабыркап калышы мүмкүн экенин билдирген.

"Биз социалдык байланыштарды минималдаштыруу үчүн убагында чараларды көрдүк. Эгерде кырдаал көзөмөлсүз мүнөзгө ээ болсо, анда 120 миң адам вирус менен жабыркап калышы мүмкүн. Ошондуктан бардык эрежелерди сактайлы", - деп билдирген ал.

"Ооба, биз миңдеген бейтаптар жөнүндө сөз кылып калуубуз мүмкүн. Анткени чоң мегаполиспиз. Эгерде вирус ушул жерде болсо, анда ал өзүнүн көздөгөнүн алат. Бирок ошондой болсо дагы анын бат жайылып, активдүү тарашын басаңдатып жатабыз", - деп кошумчалаган өкүл.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан