Оштун Ноокат, Кара-Суу райондорунда, Жалал-Абаддын Сузак районунда, Нарын шаарында өзгөчө абал режими токтотулат

Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунда, Жалал-Абад облусунун Сузак районунда, Нарын шаарында 30-апрелде өзгөчө абал режими токтотулат. Ал эми өзгөчө кырдаал режими күчүндө калтырылат. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ал эми Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ат-Башы районунда өзгөчө абал режими 10-майга чейин узартылат. Мындай чечим Коопсуздук кеңештин жыйынында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жана саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун азыркы кырдаал тууралуу баяндамаларынан кийин кабыл алынды.

Бишкек жана Ош шаарларынын, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад шаарынын жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарында өзгөчө абал 2020-жылдын 30-апрелине чейин узартылган. Ал эми Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында 15-апрелден 30-апрелге чейин өзгөчө абал киргизүү боюнча токтом кабыл алынган.

Өзгөчө абал режими тез чараларды кабыл алмайынча токтотуу мүмкүн болбой калган оор кырдаалда гана киргизилет. Түзүлгөн кырдаалды жөнгө салууга тийиштүү мамлекеттик органдардын чамасы жетпей баратканда ыкчам башкарууну Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы колго алат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (26)
Acord
2020-04-28 14:27:09
Бугунку кундун эн жакшы жанылыгы болду бир аз болсо да
+12
robot111
2020-04-28 14:42:56
ушуну туура кылды. 30-элди кое бергенде 1 -9 - майларды майрамдап кетишмек.
+9
Ozon
2020-04-28 14:48:13
Супердин редакциялык жамаатына кайрылуу....

Мумкун болсо ОЗГОЧО АБАЛ менен ОЗГОЧО КЫРДААЛДЫН айырмасын тиешелуу темаларга жаза кетсенер, баарына тушунуктуу кылып...

Мисалы айрым райондордо озгочо абал жоюлганы менен озгочо кырдаал калыптыр, ошону эл тушуно турган жалпак тил менен жазгыла да, башка жактан маалыматты кочуруп тим болбой. Мисалы ошол озгочо абал жоюлган райондордо кандай озгоруулор болот озгочо кырдаал режиминде?

+11
admin_portal
2020-04-28 14:50:59
Ozon
2020-04-28 15:11:34
admin_portal, жонокой тил менен тушундургулочу, элдин баары юрист эмес го! Эл учурдагы шартта, кунумдук жашоодо кандай озгоруулор кутуп жатканын билгиси келет.Мисалы блок посттор алынабы, пропуск, маршруттук баракчанын кереги жокпу, район ичинде жоо же унаа менен тоскоолдуксуз журо алабы? Учурда азык-тулук дукондору гана иштеп жатат. Эми базарлар, мал базарлар, унаа ондоочу жайлар ж.б. ачылабы же жокпу? Эмне озгорот, жонокой эле тушундуруп бергилечи....
+10
satyke
2020-04-28 16:24:59
Ozon,Өзгөчө кырдаал (ЧС) учурунда жарандардын укуктарына жана эркиндигине чектөөлөр киргизилбейт.Мамлекеттик органдарга күчөтүлгөн укуктар берилбейт. ЧС учурунда шайлоолор өтүү мүмкүн,коменданттык саат киргизилбейт. ЧС киргизилген аймактарга аскер күчтөрү тартылбайт.Кабминдин чечими менен киргизилет.Мөөнөтүн окмот чечет(бесрочный)
+3
Ozon
2020-04-28 16:42:34
satyke, рахмат чон. Ошондо туура тушунгон болсом анда район ичиндеги блок посттор алынып, пропуск, маршруттук баракчаны сурашпайт корунот, эгер жарандардын эркиндиктерин чектешпесе, аскерлерге кучотулгон укуктар берилбесе.....
+1
satyke
2020-04-28 17:49:09
Ozon, ЧС учурунда түзүлгөн опергруппа иш алып барат. Чалгындоо,анализ жана жойуу иш аракеттери. Жарандардын ишмердүүлүгү кырсыктын мүнөзүнө жараша болот. Кантсе да ири жаратылыш кырсыгы менен эпидемиологиялык кырсыктар ар кандай коркунуч жаратат.
0
satyke
2020-04-28 16:32:31
Ozon,Өзгөчө абал (ЧП)техногендик же жаратылыш кырсыктары болуп улуттун коопсуздугуна коркунуч келтиргенде же төңкөрүш учурунда президенттин буйругу менен 30 күндөн 60күнгө чейин (дагы 30күнгө узартуу мүмкүнчүлүгү менен) киргизилет. Бүт мамлекеттик органдарга өзгөчө укуктар берилет. Жарандардын укуктары жана эркиндиги чектөөгө алынат. Шайлоолор өтбөйт. Аскер күчтөрү тартылып,коменданттык саат киргизилет. Кыскача жалпак тил менен айтканда ушул.
+2
Ozon
2020-04-28 15:14:53
admin_portal, же 21:00- 06:00 арасындагы комменданттык саат гана жоюлдубу бар болгону?
+3
admin_portal
2020-04-28 16:08:46
Ozon, сунушуңузга рахмат, кененирээк маалымат берилет.
0
Ozon
2020-04-28 14:50:48
Базар, мал базар ж.б. иштейби же жокпу? Кандай озгоруулор кутулуп жатканын жазып отсонор.....
+6
chake
2020-04-28 14:38:46
буйруса аз күн калды ден соолук үчүн бир аз сабырдуу болуп 10 күн үйдө болгонубуз өзүбүз үчүн эле жакшыраак
+9
ShaKe11
2020-04-28 15:03:15
10 кун дейсинер Буюрса 10 кунубуз отот бирок 10 кундон кийин 31 майга чей десе тан калбайым.))
+4
nurali1989
2020-04-28 15:15:56
Элге тушунуктуу кылып жазсанар, ошондо кандай болот
+9
Kyrgyz_bloger
2020-04-28 15:26:01
Кошоматчылар эл тарапта болсонор болбойбу,бийликтин чечимдерин кандай болсо да колдойсунар,эвро союздан 36 милиллион эвро берип жатыптыр ошону жеш учун узартып жатат го дейм.
+8
admin_portal
2020-04-28 16:10:12
AMIR_ASAMIDINOV, кимдир бирөөнүн адамдык аброюна шек келтирүүгө тыюу салынган. БАН!
+3
Milduri
2020-04-28 16:49:44
Темаңар Өзгөчө абал режими токтотулат деп кайра эле ичинде 10-майга чейин узартылат депсиңер, анда токтотулат дебей эле узарды дебейсиңерби, 10-май күнү токтобой дагы 31-майга чейин десе эмне дейсиңер.
-3
Эльвира Караева
2020-04-28 16:55:12
Milduri, аймактарды жакшылап окуңуз... түшүнүктүү эле жазылып турат...
0
Nura1440
2020-04-28 20:44:57
Эльвира Караева,мага окшогон жөнөкөй адамдарга түшүнүксүз,
0
katerina.li
2020-04-29 14:24:45
Nura1440,жалан тупойлор чогулган окшойсунар бул жерде. Эч нерсеге тушунбрйсунор
-2
Nura1440
2020-04-29 18:44:28
katerina.li,ушунчалык акылдуу болсоң оозуңдан кара итиңди чыгарбай эле билгениңден бөлүшүп койчу
0
Nura1440
2020-04-28 20:46:30
Өзгөчө абал менен өзгөчө кырдаалдын айырмасын дагы бир жолу мага окшогондорго түшундүрүп койгулачы,авысындарым да түшүнбөй атат
0
Kylychisa
2020-04-28 21:03:18
Админ комендантский час канчадан канчага чейин экен ?
0
nurgaz
2020-04-28 21:23:27
Президенттин буйругун уккула, туура эле чечим болду 10-майга чейин чыдагыла. Ишинер болсо пропуск жаздырып алып бутуруп келсе болотко. Ансыз деле продукта базар, магазиндер иштеп жатат. Дордойду ачып койгон менен пайда жок, россия, кытай, казакстан жабык болсо каяка товарын откорот. Россия границасын ачса анан тигесинерби сатасынарбы озунор билесинер.
0
Adilet2014
2020-04-28 22:57:09
Ошондо мен дагы эле түшүнө албай жатам, же түшүнүгүм аз болуп жатабы билбейм... Ош Жалал Абад Бишкек шаарлары мурда кандай болсо ошондой болуп жашайбыз 10-майга чейин. Ал эми калган жерлерде эркин жүрө беришет. Туура түшүндүмбү
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан