Бүгүн, 31-августта Бишкекте Кыргызстандын эгемендүүлүк алгандыгынын 22 жылдыгы белгиленүүдө. Майрамдык салтанат мэр Иса Өмүркулов жана өкмөттүк аппараттын башчысы Нурханбек Момуналиевдин куттуктоосу менен ачылды. Учурда концерттик программа тартууланууда. Бишкектиктердин маанайы жогору, борбордук "Ала-Тоо" аянты элге толо.