Орусиялык рэп аткаруучу Жиган 3 апталык жымжырттыктан кийин өзүнүн Инстаграмдагы баракчасына жаңы клибин жүктөдү.
Интернет колдонуучулар Жиган бул ырды ажырашууга бел байлаган жубайына арнаганын жазышууда. Ал эми аткаруучу өзү бул тууралуу эч кандай билдирүү тарата элек.
Акыркы кезде рэп ырчысы Жигандын үй-бүлөсүнө жарака кетип жүргөн. Ырчынын жубайы, модель Оксана Самойлова ажырашуу чечимин кабыл алганын социалдык баракчасы аркылуу билдирген.
Жиган 18-февраль күнү 3 кыздан кийин уулдуу болуп, кубанычын элге жар салган эле. Андан кийин ал реабилитациялык борборго жатып калганы маалымдалган.