Ысык-Көл районунун Бостери айылында белгисиз адамдар тарабынан сабалган эки жарандын окуясы боюнча дагы 3 шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шектүүлөр 26 жаштагы Ш.у.К., 32 жаштагы Ш.К. жана 34 жаштагы Ш.К. кармалып, райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
"20-апрель күнү болжол менен саат 21:00 чамаларында Бостери айылынын күрөш залында жабырлануучулар М.С. жана Д.Э. машыгып жатканда, залга белгисиз 3-4 адам кирип келишкен. Алар жабырлануучуларды эч себепсиз сабашып, окуя болгон жерден изин жашырып кетишкен. Аталган кылмыштын бетин ачууда 23-апрель күнү 31 жаштагы И.Б. жана 28 жаштагы Д.Б. аттуу шектүүлөр кармалган", - деп билдиришет басма сөз кызматынан.
Буга чейин Бостери айылда эки жаран сабалып, ооруканага жаткырылган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.