Ош облусунда COVID-19 жуктургандар менен байланышта болгондорду текшеришет. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
25-апрелден баштап Ош облусунун Ноокат, Өзгөн, Кара-Суу, Алай райондорунун аймагында, коронавирус илдетине чалдыккан жарандар жашаган айылдарда атайын дарыгерлерден түзүлгөн мобилдик топтор, байланышта болгондорду, үй карантиндегилерди текшерүү башталды.
Анда карантиндик талаптарды сактоо менен бул жарандардын дене табы текшерилип, ПЦР-анализдери алынат.
Буга чейин 25-марттан тартып мобилдик бригадалар үй карантинде болгон Ош облусунун 11 миң 898 тургунун карап, бүгүнкү күндө үй карантинден 9 миң 138 жаран чыкты.
Өзгөн районунда 5 мобилдик топ 174 жаранды, Кара-Сууда 18 мобилдик топ илдет аныкталган 27 жарандын туугандары, жакындары болгон 301 жаранды, Чоң-Алайда байланыштагылардын баарын текшерди.