Хубэй провинциясында жайгашкан 10 шаарда жугуштуу вирустун кесепетинен коомдук транспорттор токтотулду. Бул тууралуу дүйнөлүк маалымат булактары жазып чыгышты.
Ага ылайык, вирустун кесепетинен Ухан, Чиби, Эчжоу, Хуанган, Сяньтао, Чжицзян, Цяньцзян, Хуанши, Эньши жана Сяньнин шаарларында дагы коомдук транспорттор токтотулган.
24-январга карата алынган маалыматтарга ылайык, жугуштуу вирус менен жапа чеккен адамдардын саны 830га жетсе, каза болгондордун саны 26га жеткен деп жазылат маалыматта.
Мындан тышкары, бул жугуштуу вируска каршы көпчүлүк өлкөлөрдө алдын ала сактануу үчүн түрдүү текшерүүлөрдү өткөрүп жатышат. Ал эми Кыргыз өлкөсү дагы бул абалга карата чара көрө башташты. Кытайдан келген, тагыраагы, Үрүмчү-Бишкек-Үрүмчү багытындагы аба каттамынын жүргүнчүлөрүн "Манас" эл аралык аэропортунан медицина кызматкерлери текшерүүгө алып жатат. Пневмония оорусун чакырган коронавирусу күч алгандыктан, санитардык карантин пунктунун адистери күнүгө жүргүнчүлөрдү тепловизор (дене табын өлчөп, инфекциялык ооруга чалдыкканын текшерүүчү шайман) менен текшерип жатат.