УЕФА уюмунун кызматкерлери менен Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (БДССУ) "Евро 2020" турнирин убагында өткөрүүнү карап жатат. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
БДССУ бул турнирди өткөргөн шаарларда коронавирус менен жабыркап жаткандарга жардам катары керек болгон медициналык базалар бар болгонуна карабастан "Евро-2020" турнирин кабыл алса болот деп эсептейт.
УЕФА уюму турнирди күйөрмандар менен чогуу өткөрүү ниети күч экенин белгилеп, турнир өтчү өлкөлөрдүн башчыларына бардык иш-чараларды, футболдук оюндарды убагында өткөрүп берүүнү суранып кайрылган.
Маалыматка ылайык, "Евро 2020" турнири төрт жылда бир өтөт. Быйыл турнир Европа чөлкөмүндөгү 12 шаардагы стадиондордо өткөрүлөт. Оюн 12-июнь күнү Италиянын Рим шаарындагы "Олимпиада стадиону" стадионунда башталып, финалдык беттешти 12-июль күнү Англиянын борбору Лондон шаарындагы "Уэмбли" стадионунда өткөрүү пландалган. Турнирге жалпысынан 24 команда катышат.