Казакстанда коронавируска кабылгандарды дарылоо үчүн 18 күндө курулуп бүткөн ооруканага 43 бейтап которулду. Бул ооруканада вентиляция системи иштеп, вирустун бөлүкчөлөрүн бөлмөдөн тышкары чыгарбай кармап турат. Бул тууралуу казак маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Жаңы курулган оорукана 280 орунга ылайыкташып, 9 бөлүм иштейт.
Казакстанда ооругандар 2 миң 717ге жетти, анын 682си айыкса, 25 бейтап каза болду.