Дүйнөдө бүгүн, 17-ноябрга карата коронавирус инфекциясын 55 миллион 554 миң 249 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 35 миллион 733 миң 237 бейтап айыгып чыкса, 1 миллион 336 миң 892 (+13799) адам каза болду.
Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 11 миллион 343 миң 509 болду. 248 миң 555 адам каза болсо, 4 миллион 293 миң 640 бейтап айыгып чыкты.
Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 8 миллион 874 миң 290 адамдан аныкталды. 130 миң 519 адам каза болсо, 8 миллион 290 миң 370 бейтап айыкты.
Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 5 миллион 911 миң 758 адам вируска кабылган. 166 миң 699 бейтап көз жумса, 5 миллион 358 миң 299 бейтап оорудан сакайды.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.