Бүгүн, 27-апрелде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйын берди.
Ошондой эле кытай дарыгерлери бул вирусту карантин шартын бийик кармап, карантинди толук сактаганда гана жыйынтык боло турганын айткан.
"Өлкөгө келген кытай дарыгерлери биз эл аралык стандарт менен иштеп жатканыбызды айтты. Алар биздин дарыгерлердин билими, коронавируска карата даярдыктар, шарттарды жакшы деп белгилешти. Биз алар менен бирге брифинг кылып, кеңири сүйлөштүк", - деди Үсөнбаев.
Өлкөдө обсервацияда 1044 адам жатат.
Бир сутка ичинде 3 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган.
Бишкек шаарында – 2;
Ош шаарында – 1.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен жабыркап жаткан медицина кызматкерлеринин саны 183кө жетти.
27-апрелге карата коронавирусту 13 адам жуктуруп алганы айтылды. Жалпы 695.
Бир сутка ичинде 25 бейтап ооруканадан айыгып чыкты:
Бишкек шаары – 2;
Ош шаары – 2;
Ош облусу – 1;
Жалал-Абад облусу – 4;
Нарын облусу – 16.
Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 395 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.