Бишкекте бир суткада 224 адамдан коронавирус аныкталды

Бир сутка ичинде Бишкек шаарында 224 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөлдөө боюнча башкы дарыгердин орун басары Айнагүл Рыскулбекова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында ооруканага жаткырылгандардын саны 58, үй шартында дарыланып жаткандар 166.

Бишкек шаарындагы илдет аныкталгандар райондор боюнча бөлүнүшү:

Ленин району - 69;

Свердлов району - 44;

Биринчи Май району - 43;

Октябрь району - 26 адамдан илдет аныкталган.

"Бишкек шаарынын мэриясы тургундардан жана шаар конокторунан коронавирус инфекциясынын алдын алуу иш-чараларын так, өз убагында аткарууну суранат", - деп билдирди Рыскулбекова.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан