Бишкек шаарында өткөн сутка ичинде 66 жаран коменданттык сааттын эрежесин бузду. Бул тууралуу шаар коменданты Алмазбек Орозалиев онлайн маалымат жыйын учурунда айтты.
"Бишкек шаары боюнча коомдук коопсуздук кырдаал туруктуу жана көзөмөлгө алынган. Өткөн сутка ичинде коменданттык саатты бузган 66 жаран кармалды. Алардын ичинен 54 эркек болсо, 12си аял киши жана 2 чет элдик жаран. 2020-жылдын 25-мартынан баштап, 26-апрелге чейин жалпы коменданттык саатты бузгандардын саны 2 миң 597 адам. Анын ичинен эркектер 2 миң 246, ал эми аялдар 351", - деп билдирди комендант.