Коңшу Казакстанда акыркы сутка ичинде 2 миң 549 адам коронавирус илдетине кабылды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, 2 704 бейтап оорудан сакайып, үйлөрүнө чыккан.
Жаңы илдет аныкталган жарандар катталган аймактар боюнча бөлүнүшү:
Нур-Султан шаары – 452;
Алматы шаары – 557;
Шымкент шаары – 125;
Акмоло облусу – 130;
Актөбө облусу - 102 калгандары башка аймактардан катталган.
Казакстанда пандемия башталгандан бери жалпы 353 миң 140 адам коронавирус илдети менен жабыркаган.