Бүгүн, 27-апрелде Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда белгиленген Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум жылдырылды. Бул тууралуу Кундуз Жолдубаева өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
"Соттук отурум кээ бир жактоочулардын катыша албагандыгынан жана Алмазбек Атамбаевдин ден соолугуна байланыштуу жылдырылды. Алмазбек Атамбаев соттук отурумга катыша албайт. Кийинки отурум 29-апрель күнү саат 10:00гө белгиленди", - деп жазат Жолдубаева.