Бүгүн жаш шахматчы Сейил Мелисованын жаркын элесине арналган шахмат боюнча эл аралык онлайн турнири өтөт

Бүгүн, 27-апрелде жаш шахматчы кыз Сейил Мелисованын жаркын элесине арналган шахмат боюнча эл аралык онлайн турнири өтөт. Бул тууралуу Кыргыз шахмат академиясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бул турнирге Кыргыз өлкөсүнүн жана Орусиянын Челябинск облусунун 2004-жылдан 2015-жылга чейин төрөлгөн шахматчылары гана катыша алышат. Турнир 19:00дө башталат жана 2 гана саатка созулат.

Турнирде бир команда өкүлдөрүнүн ортосунда оюндар болушу мүмкүн. Турнирдин жеңүүчүлөрү топтолгон упайлардын саны боюнча аныкталат. Турнир достук мүнөздө жана байгесиз өткөрүлөт.

Буга чейин Кыргыз өлкөсүнүн жаш шахматчы кызы Сейил Мелисова каза болгондугу кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан