22-майга карата дүйнөдө коронавирус илдетин жуктургандардын саны 5 миллион 101 миң 400гө жетти. Анын арасынан 1 миллион 948 миң 106 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылса, 332 миң 876 адам көз жумду.
Дүйнөдө коронавирустун жайылуусу боюнча алдыңкы тизмекте турган АКШда 1 миллион 576 миң 886 адам катталды. Андан 298 миң 418 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылса, тилекке каршы, 94 миң 688 адам оорудан каза болду.
Орусияда 317 миң 554 адам коронавирус илдети менен катталган. Анын арасынан 92 миң 681 бейтап сакайып, 3 миң 99 адам дүйнө салды.
Коронавирусту жуктургандардын санынын көптүгү боюнча үчүнчү орунга чыккан Бразилияда 310 миң 87 адам коронавирус илдетин жуктурган. Оорудан 125 миң 960 адам айыкса, каза болгондордун саны 20 миң 47ге жетти.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.