Бүгүн, 27-апрелде Кара-Суу, Ноокат райондорунун жана Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов аймактардагы абал тууралуу онлайн маалымат жыйын берди.
Жыйында мал баккандарга жайлоого жана жайытка чыгууга бардык шарттарды аткаруу талабы менен уруксат берилгени айтылды.
"Негизи 15-апрелден баштап көпчүлүк жарандар жайлоого чыгып кетишкен. Эгер жайытка чыгууда бир айылдан экинчи айылга өтүүдө маселе жаралса, айыл өкмөткө кайрылуу керек. Бул учурда жарандын колунда өзүнүн медициналык аныктамасы, жайлоого алып барчу малдарынын ветеринардык документтери, биркалары болушу керек. Коюлган талаптар аткарылса, жайыттарга өтүүгө уруксат берилет", - деди комендант.