Штаб: "Жүк ташуучулардан коронавирус илдетин текшерүү чаралары күчөтүлүүдө"

Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүчү жүк ташуучулардан коронавирус илдетин текшерүү чаралары күчтөндүрүлүүдө. Бул туурасында республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылганын өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Бүгүнкү күндө чек арадан өтүп жаткан бардык алыска жүк ташуучулар экспресс-тестирлөөдөн өткөрүлүүдө. Дарт аныкталган учурда айдоочулар ПЦР-анализдин жыйынтыгы чыкмайынча обсервацияга жаткырылат.

"Жүк ташуучу унаалардын биздин чек аралар аркылуу мындан ары тоскоолдуксуз өтүүсүн жана азык-түлүк жана башка зарыл товарларды өз мөөнөтүндө жеткирилишин камсыздоону улантуубуз керек. Бирок бүгүнкү күндө коопсуздукту камсыздоо максатында жүк ташуучулар үчүн кыйынчылыктарды жаратпастан, бул багыттагы ишти көзөмөлгө алууну күчөтүү керек. Өзгөчө көңүлдү жүк ташуучулардын андан аркы аймактар аралык кыймылына буруу зарыл.

Тилекке каршы, үй карантининде отурууга милдеткер болгон жактар башка адамдардын жашоосу үчүн тобокелдик жаратып, ишин уланткан учурлар бар. Ошондуктан алыска жүк ташуучуларды текшерүүдөгү аракеттердин алгоритми алардын ордун, ПЦР-анализдин өткөрүлүшүн жана обочолонуу талаптарынын аткарылышын жана жүк жеткизилген соң, анализдин жыйынтыгы анык болмоюнча байланышты чектөө талаптарынын аткарылышы боюнча көзөмөлдөөнү күчөтүү тарабына өзгөртүлөт. Алар биздин көзөмөлдөн чыкпоого тийиш", - деди биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов.

Мындан тышкары жыйында Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ишмердүүлүгүнө тиешелүү маселелер талкууланды. Инфекция чыккан жерлерде үймө-үй кыдыруу иштерин жүргүзүү уланууда.

Тармактык мамлекеттик органдарга Кыргыз өлкөсүнүн аймагына жүк ташуулардын кирүүсүн жана андан аркы жүрүүсүн көзөмөлдөө алгоритмин жакшыртуу тапшырылды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан