Орусияда сутка ичинде биринчи жолу 28 миңден ашуун адам COVID-19 илдетин жуктуруп алды

Орусиянын 85 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 28 миң 142 адамдан коронавирус илдети аныкталды. 456 адам каза болсо, 18 миң 850 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус илдети аныкталган адамдардын ичинен:

Москва шаарында - 7750 (айыккандар 5 027);

Санкт-Петербург - 3692 (айыккандар 697);

Москва облусу - 1193 (айыккандар 748);

Нижегород облусу- 485 (айыккандар 123) адам жана калгандары башка аймактардан.

Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 2 миллион 375 миң 546 адамдан коронавирус аныкталды. Анын ичинен 43 миң 597 адам каза болсо, 1 миллион 956 миң 588 бейтап айыгып чыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан