Шорт-трек боюнча Олимпиаданын 6 жолку жеңүүчүсү Виктор Ан карьерасын жыйынтыктады

Орусиялык спортчу, шорт-трек (коньки менен кыска аралыкка чуркоо) боюнча Олимпиада оюндарынын 6 жолку жеңүүчүсү Виктор Ан 34 жашында өзүнүн карьерасын жыйынтыктаганын жар салды. Бул тууралуу спорт басылмалары жазып чыгышты.

"Мурунку алган жарааттарыман улам мелдештерге даярдануу жана формага келүү көп убакытты алып жатат. Мындан улам толук кандуу машыгуу мүмкүн эмес. Чоң спортту таштоого убакыт келди деп чечтим. Бир гана шыктануу менен спорттук карьераны улантуу болбойт, ошондуктан бул чечимди кабыл алдым", - деп билдирген Ан.

2011-жылы Олимпиаданын 3 жолку чемпиону Ан Кореядан Орусияга келип, жарандык алган. Сочиде өткөн Олимпиада оюндарында ал 3 алтын жана 1 күмүш медалга ээ болгон. Ал Дүйнө чемпиондугун 20 жолу, ал эми Дүйнө Кубогун 8 жолу утуп алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан