Бүгүн, 28-апрель саат 10:00гө карата республика боюнча дагы 2 медициналык кызматкерден коронавирус аныкталып, жалпы саны 185ке жетти. Мындай статистиканы саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйында билдирди.
Вирус аныкталган медициналык кызматкерлердин экөө тең Нарында катталды.