Казакстанда бир суткада 1 миң 544 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, илдетти жаңы жуктуруп алган 1 миң 544 адамдын 784ү вирустун симптомдорун алып жүрүүчүлөр болсо, 760ы ооруну симптомдору жок алып жүрүүчүлөр болгон. Сутка ичинде вирус эң көп Алматы шаарында (271), Нур-Султан шаарында (250), Караганда облусунда (129) аныкталды.
Коронавирус жуктуруп алгандардын саны 86 миң 192ге жетти. Бул илдеттен жалпы 56 миң 638 бейтап дарыланып чыккан, ал эми 793 адам каза болгон.