Алматы: Соода борборундагы концертте Кайрат Нуртас ырдабай кетип калып, массалык баш аламандык чыкты

31-август күнү Казакстандын Алматы шаарындагы "Прайм-Плаза" соода борборунда "Караокенин мыкты аткаруучусу" аттуу сынактын финалчыларынын концерти токтотулуп, массалык баш аламандык чыкты. Тополоң белгилүү ырчы Кайрат Нуртастын сахнага чыгуусунан кийин башталды. Ырчы бир ырды ырдап бүткүчө сахнаны курчаган тосмолор бузулуп, айрым көрүүчүлөр сахнага чейин чыга баштайт. Мындан улам ырчы коопсуздук кызматкерлеринин коштоосунда ал жерден кетип калды. Бул көрүүчүлөрдүн кыжырын келтирип, мушташ башталды. Жаштар алгач сахнага, андан кийин бири-бирин таш, желим бөтөлкөлөр менен урууга өтүшүп массалык жаңжал уланып кетти.   

 

Полициянын маалыматы боюнча, окуя болгон жерге кошумча тартип сакчылары жана ички аскерлер келди. 3 адам оор жаракат алып, 7 полиция кызматкери ооруканага кайрылды. Учурда абал туруктуу, кылмышка шектүүлөрдүн 165и кармалып, тергөө башталыптыр. Окуяга күнөөлүүлөр 5-7 жылга чейин эркинен ажыратылмакчы. Тополоңчулар участкалык полиция кызматкеринин автоунаасын, жайкы кафелердин бирин өрттөштү. 11 кызматтык, 1 жеке жана 2 өрт өчүрүүчү унаа талкаланганы белгилүү болду. Концертке 5 миңдей адам келгени белгилүү болду. 

 

 

Казакстандык шоумен Данияр Батырбаев окуя боюнча өзүнүн интернет баракчасына буларды жазды. "Кайрат бир ырын ырдагандан кийин түшүнбөстүк болуп кетти. Күйөрмандар сахна жасалгаларын бузуп, ырчы шарт бурулуп сахнадан кетип калды. Мындан кийин баш аламандык башталды".  

 

Полициянын билдиришинче, соода борбордун аймагына бул концертти уюштурууга шаар жетекчилиги тарабынан уруксат берилген эмес жана уюштуруучулар жоопко тартылат. Кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатыптыр. Уюштурууларга айып салынышы же 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы, белгилүү бир убакытка же биротоло белгилүү бир кызматта иштөө укугунан ажыратыла турганы айтылууда.  

 

29-августта уюштуруучуларга концертти көп адамга ылайыкталбаган жерде өткөрүүгө болбой тургандыгы тууралуу эскертүү берилип, концертти токтотуу сунушу айтылган. Бирок соода борборунун жетекчилиги коомдук тартипти өздөрү көзөмөлгө ала тургандыктарын айтышып болбой коюшуптур. 

 

 

  

 
Кайрат Нуртастын концерти токтотулуп, массалык баш аламандык чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (32)
kaniet
2013-09-01 13:48:31
Казактар да баш которо баштаган го, мен дагы айтам кыргызга кыйын болгондорду президенттеринин козу откондон кийин коробуз. Чындыгында бул элдин Кайратка эмес, бийликке болгон тополону деп тушунсок болчудай. Кайрат эми Кыргызстанга келсе керек.
+1
Bellator
2013-09-01 14:20:41
мамбеты устроили беспорядок из за какого то мамбета:)
0
elka7
2013-09-01 14:23:58
Кудай сактаа чын эле жаман болуптур, Кайраттын ырлаын жактырып угам. Мумкун аны коро албагандардын колунан келген иш болушу да толук мумкун.
0
aigerimarslan
2013-09-01 14:38:22
Чындыгында коро албагандардын иши. Кантип эле ушунча элди чыкыргандан кийин коюбосун концерт
0
aidai88
2013-09-01 21:04:50
Бул иштин аркасында,анын сахналаш эле,коро албаган достору туратго,аны элге жаман коргозуш учун уюштурулган иш болушу мумкун.
0
rozka
2013-09-01 21:13:04
Коро албагандар кылган окшойт
0
omurbek9393
2013-09-02 02:30:01
Мына коншу мамлекеттерге да жукту оору бизден.
0
admin_superstan
2013-09-02 09:25:15
nerrazuri, Zikokg, башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө, жеке айтышууларга тыюу салынат.
Силерге эскертүү!
0
zman53
2013-09-02 10:07:09
Казак туускандар таланттуу ырчынарды сыйлап урматтап журсонор болмок.Колдо бар алтындын баркы жок деген ушул да...
0
Specsgruppa_NSS
2013-09-02 10:08:32
Молодец... Эл дагы, Кайрат дагы...
0
draude
2013-09-02 10:16:49
ажап болуптур , бир-эки жандырып ийбептир озун кайраттыда , анчалык гордый болобербеш керек да,кыргыздын ырчыларына сабак болсун ато биздин ырчыларда акыркы кундору отоле борзый боло башташты как бутдо асмандан тушконсушуп , анан режиссерлорго дагы айтарым нормальный ырдай алатурган , адамдарды ырдаткылачы каяктагы м.....ы акчасын алып ырдата бербей озунор уябайсынарбы
-1
olokon39
2013-09-02 13:06:05
Ары жоктор
0
dinka.vip777
2013-09-02 18:34:44
Бирок биздин артисттерге 5000 киши топтолбойт.
0
fanatka19
2013-09-02 22:08:24
dinka.vip777, бекер концерт болсо топтолот эле.
0
Alai_kyzy
2013-09-03 15:15:02
Dostar,internetten korinizder. Ol Nurtastyn konserti emes. Ol tek konak irerinde bargan konkurska. Birak afiwaga uyimdastyruwylar Kairattyn konserti dep jazgan. Sondyktan adamdar kop bargan. Trassanyn boyinda kiwkentai orynda bolgan uwin adamdar syimai iterilis bolyp sondai jagdai boldy.
0
Alai_kyzy
2013-09-03 15:19:06
Kairat Nurtastyn konsertine almatyda bilet 100dollar. Anan adamdar beker konsert dep barywkan. Birok adam batpai tygyn bolup topolon boldu. Al konok katary bargan. Prime plazanyn tuwunda 8 kop kabattuu uido kurbum jawait. Al korup uktai albaptyr sasygan tuyundon yzy chuudan.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан