Сингапурдук изилдөөчүлөр Кыргыз өлкөсүндө коронавирустун жайылуусу качан токтой турганын айтышты

Кыргыз өлкөсүндө жана башка мамлекеттерде коронавирустун жайылуусу качан токтойт? Бул жаатта Сингапурдун технология жана дизайн университетинин (SUTD) изилдөөчүлөрү эсептөө жүргүзүштү. Ага ылайык, Кыргыз өлкөсүндө коронавирустун жайылуусу июнь айынын ортосуна чейин барат.

Изилдөөчүлөрдүн эсеби боюнча, Кыргыз мамлекети коронавирустун туу чокусунан 11-апрелде өткөн. 15-майга чейин бул илдеттин жайылуусу 97 пайызга, 25-майда 99 пайызга кыскарат. Ал эми вирустун жайылуусу толугу менен 18-июнда токтойт деп айтылат маалыматта.

Мындай алдын ала маалымат жасалма интеллекттин жардамы менен эсептелген. Анда ар кайсы өлкөлөрдүн, атап айтканда, "Our World in Data" илимий онлайн басылмасына жарыяланган регрессиялык маалыматтарга негизделген. Статистика күн сайын жаңыланып тургандыктан, алдын ала эсептөөлөрдө катачылык болушу мүмкүн жана мындай эсептөө билим берүү жана изилдөө максатында жүргүзүлүүдө. Мындан улам окурмандар муну божомол деп кабыл алуусу керектигин эскертет университет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (27)
Bolunbo.kyrgyz
2020-04-28 13:00:51
Жок биздикилер акырын кыймылдашат акча берсенер беле ошондуктан озунор келип элди карантинден чыгарып антена орното бергиле
-6
arawan
2020-04-28 13:05:03
Ушул окумуштуу айтты деп дагы жылдырганы турасынарбы озунорду ойлогон элди ойлобогон силердин бизнесинер оркундоп жатат карантин убагында Эл чыдабайт болду ачка калдык силерге баары Бир да
+5
bond02
2020-04-28 13:17:11
Через Сингапур айтып жатат го дейм э, карантин узарат деп.
+6
kriss120
2020-04-28 16:09:44
bond02,оа эн туура чынында ошол буйрукту аткарат биздикилер.
0
murat17
2020-04-28 13:34:21
эми Рахмонстанда кулачын жайып жатат бул вирус Рахмонстан менен болгон чек араны жаап брондоп салыш керек
+8
titanik32
2020-04-28 13:40:38
murat17,Тажик чек араны жапкыла эми чычкан өткүс кылып.Биротоло өздөрү менен өздөрү коронавирус болуп жата беришсин.
+11
Pikir-add
2020-04-29 00:19:22
titanik32,
Жөөлүп калган вирус жуккан го дейм
0
Motorola-Samsung
2020-04-28 15:19:45
murat17,Тажиктер чек арасвн январда эле жаап алышкан
0
Pikir-add
2020-04-29 00:18:39
Кайдагы жомок?
0
titanik32
2020-04-28 13:38:33
Окумуштуунун төөсү жорго деп коет бизде.)))18-июнь деп числону да коюптур го,биротоло саат минутасына коюп койбоптур да.
+9
anash
2020-04-28 14:56:47
Азыркы бийликке ишеним кетте баштадыго казактар арбитр уйбулого 180$берди и ошон учун узарты биздин президент 180сом бере албадыго жанагы эле 3 созун кайталамай уят элден топтолго акчаны жеп алдынар
+3
Center
2020-04-28 15:06:37
Ээрчиме бийликпи же ээрчиме кыргызбы! Кимиси туура? Кече кытайлардын медицина адистери "Кр медицинасы дүйнөлүк стандартта" деп койсо ага бир сүйүнүп, эми Сингапурлуктар антип койсо буга бир сүйүнүп, деги өз оюңар өз изилдөөңөр барбы ыя Саламттыкты сактоо министрлиги? Качанкыга чейин башкалардын ой-пикири менен жашайсыңар?!
+4
Siezdjanym
2020-04-28 15:34:58
Комментариялар хаха вообще
+4
Bolunbo.kyrgyz
2020-04-28 17:03:38
Зима не будет болот окшойт бул жагы
+4
Pikir-add
2020-04-29 00:14:43
Жалган дүйнөнүн калп казаны кайнап эшшектер ээн калган учур
+1
Pikir-add
2020-04-29 00:16:49
Утки
0
Orozbaii
2020-04-29 01:33:31
Мен качан уйлонот экенмин сураш керек экен
+1
Gospozhatsetok
2020-04-29 07:41:00
Ушул болмуштардыкы да отту.
0
Nazar76
2020-04-29 10:03:36
Качанга чейин бирөөнүн оозун карап карап жашайбыз
0
Mylatka..
2020-04-29 14:56:22
Таш бака учат десе оа учат деп ар кимдин оозун карап журо берелиби!Оз башыбыз мн качан иш алпарып баштайыз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан