Ош облусунун коменданты: "Милдетинен "сачковать" кылган кызматкерлер бизде жок" (хронология)

Бүгүн, 9-апрелде Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов онлайн маалымат жыйын берди.

2020-04-09 12:35:00

"Биз элдин кызматындабыз. Кызматкерлерибиз күнү-түнү иш алып барып жатышат. Ант бергенбиз, милдеттен "сачковайтеткен" эч ким жок. Ошондой эле атайын уруксат кагазын алган мамлекеттик кызматкерлерге кайрылат элем. Сиздерге берилген уруксат кагаздарын өз кызыкчылыгыңыз үчүн колдонбоңуздар. Ушул эле маселе уруксат кагазын алган жөнөкөй жарандарга дагы тиешелүү", - деп билдирди Ош шаарынын коменданты.

2020-04-09 12:30:00

Суроо: Кылмыштуулук кандай болуп жатат? Статистика менен бөлүшө кетсеңиздер.

Жооп: 25-марттан бери Ош облусунун аймагында кылмыштуулуктун саны кыскарды, тактап айтканда, жокко эсе. Буга көптөгөн факторлор таасир этти. Ал эми буга чейин катталган кылмыш иштерин иликтөө боюнча иштер мурункудай эле жүрүп жатат. Анткени бул тармактагы кызматкерлерибиз өз ордуларында калышкан.

2020-04-09 12:22:00

Суроо: Түнү бирөө ооруп калса жеке унаа менен тиешелүү жакка жеткирсе болобу?

Жооп: Жашоодо ар кандай болот. Эгерде бейтаптын абалы оор болсо атайын номерлер аркылуу байланышка чыксаңыз, биз унааңыздын жүрүшүн камсыздап беребиз. Башка учурда "Тез жардам" кызматын чакырыңыз.

2020-04-09 12:16:00

Суроо: Биздин айылда спирт ичимдиктерин сатууну улантып жатышат. Ушуну көзөмөлгө алсаңыздар.

Жооп: Көзөмөлгө алынат, ошондой эле жарандарды азыркы тапта спирт ичимдиктерин сатуудан жана ичүүдөн баш тартып турууну суранат элем. Карантин учурунда үй-бүлөңүздөргө жакшы үлгү көрсөтүп, үйдө болуңуздар. Бирок айрым үй-бүлөлөрдө алкоголдук ичимдиктерди ичип алып, үйүндө жаңжал чыгарган фактылар бар.

2020-04-09 12:15:00

Суроо: Биз Тажикстандын жараныбыз, Кыргыз өлкөсүнүн аймагында калып калдык. Өз мекенибизге кете алабызбы?

Жооп: Жок, анткени карантин болуп, бүт өлкөлөр чек араларын жапкан. Биз чыгарган күндө деле сизди ал өлкөгө киргизбейт.

2020-04-09 12:14:00

Суроо:  Азык-түлүк дүкөн иштетчүмүн, азыр дүкөндүн жанына обсервация ачылгандыктан дүкөн жабылды. Тез бузулуучу азык-түлүктөрдү дүкөндөн алып чыгып кетсем болобу?

Жооп: Сизге байланышып, чыгым тартпашыңыз үчүн жардам бергенге аракет кылабыз.

2020-04-09 12:13:00

Бүгүн, 9-мартка карата коомдук-саясий абал туруктуу. Ал эми коменданттык саатты бузган 7 жаран кармалды. Аларга 3 миң сомдон айып салынып, протоколдор түзүлдү

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан