Бүгүн, 28-апрелде Өкмөт үйүндө Бишкек шаардык мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев жардам иретинде берилип жаткан ун сатылып жатат деген суроолорго жооп берди.
"Эми ушундай убакта ун саткандарды Кудай уруп эле кетпейби. Биз бул илдетти жеңгенден кийин иштеп жаткан жаран ар бир мүшөк ун, шекер үчүн ушул башыбыз менен жооп беребиз. "Чынар" базарында ун сатылды деген маалымат туура эмес. Себеби ошол районго ал ундар жеткирилип жаткан убакта күн жаап жиберип, биз ошол базарга ундарды таштап турууну туура көргөнбүз. Бирок ундарга "сатылбайт" деп жазылган. Тилекке каршы, интернет колдонуучулары аларды туура эмес багытта чыгарып жиберишкен. Эртеси кайра саат 9да ундар алынып кеткен. Андан кийин "Азиз" базарында матрезервдин ундары сатылды деген маалымат чыкты. Бул дагы калп. Себеби ал базарга ун эмес, шекер алып барып, контейнерге аны сактаганбыз. Ал жерден шекерди бир үй-бүлөгө 3 килограммдан тартып, анан таратканбыз", - деди ал.