Социалдык тармактарда, WhatsApp мессенжери аркылуу коомчулукка тараган "Өзгөндө коронавирус жуктурган адам дене табы көтөрүлгөн абалда ооруканада жатат" деген маалыматты тараткан медайымдын өздүгү аныкталды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Жалган маалыматты тараткан аял 1975-жылы туулган Ж. кызы Н. Өзгөн райондук ооруканасында медайым болуп иштери аныкталды. Ал айткан Түштүк Кореядан Өзбекстан аркылуу Өзгөнгө келген Кыргыз жараны 27-февралда келери менен текшерүүдөн өткөн. Андан сырткары 14 күндүк карантинге Өзгөн райондук ооруканага жаткырылган. Ошондон улам медайым аны коронавирус жукту деген маалымат таратып жиберген. Кыргыз жаранын текшергенде дене табы нормалдуу болуп чыккан. Медайым WhatsApp`тагы группаларга, курбуларына тамашалап жөнөткөнүн айтып, кийин коомчулуктан кечирим сураган. Анткен менен жалган маалымат таратканы үчүн ал жарандын иши 28-февраль күнү Өзгөн РИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, текшерүү жүргүзүлүп жатат. Текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзам чегинде чара көрүлөт", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.