Бүгүн, 8-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовду жана өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Намазалиевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Азыркы кырдаал, борбордун жана жалпы эле өлкөнүн аймагына коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышына жол бербөө жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо боюнча чаралар талкууланды.
Мамлекет башчысы өзгөчө абал жарыяланган башка шаарлар жана райондорго караганда өлкө борборундагы кырдаалды көзөмөлдөө татаал экенин белгиледи.
"Өзгөчө абалдын киргизилиши менен шаар тургундарына көптөгөн ыңгайсыздыктар жаралды. Албетте, нааразычылыктар да бар. Бирок баарыбыз бул жарандардын саламаттыгын сактоо, эпидемиологиялык кырдаалды жакшыртуу жана коронавирус инфекциясын жайылтпоо үчүн аргасыз муктаждык экенин түшүнүшүбүз керек", - дейт Сооронбай Жээнбеков.
Президент белгилегендей, Бишкек шаары менен Чүй облусуна ички миграциянын агымы чоң, борбордо жана анын айланасында көптөгөн социалдык жактан аярлуу жарандар жашайт.
"Чүй өрөөнүндө жашап, Бишкекке келип, күнүмдүк иш таап, үй-бүлөсүн баккандар бүгүн өзгөчө жардамга муктаж. Алар камкордуктун көңүл борборунда болушу керек. Борбор шаардын жана облустун жетекчилери бул багытта координацияланган аракеттерди жүргүзүүгө тийиш", - деп баса белгиледи ал.
Президент муктаж жарандарга даректүү жардам көрсөтүү, ошондой эле калктын саламаттыгын коргоону жана жарандар тарабынан карантин эрежелеринин сакталышын камсыз кылуу боюнча Бишкек шаары менен Чүй облусунун жетекчилигинин күч аракеттерин бириктирүү зарылдыгына токтолду.
Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов бүгүнкү күндө борбордо 56 миң аз камсыз болгон жана муктаж үй-бүлөлөрдүн тизмеси түзүлгөндүгүн маалымдады. Аларга жергиликтүү бюджеттен биринчи кезекте зарыл болгон азык-түлүктөр менен даректүү жардамдар көрсөтүлүп жатат, өкмөттүн линиясы боюнча Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан 300 тонна ун бөлүндү.
Ошондой эле эл аралык кайрымдуулук фонддору, бизнес өкүлдөрү жана шаардыктар калктын аярлуу катмарын азык-түлүк менен камсыздоо боюнча мэрияга колдоо көрсөтүп жатышат.
Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Намазалиев дагы бүгүнкү күндө облуста калктын социалдык аярлуу катмарына, муктаж үй-бүлөлөргө жардам берүү жана аймакта азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын маалымдады.
Президент жолугушуунун аягында калктын саламаттыгын, өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимдерин күчөтүлгөн чараларды сактоо менен коргоо, ошондой эле өзгөчө абал киргизилген аймактарда жашаган жарандарды эң зарыл делген азык-түлүк менен камсыздоо маселелери бирдей мааниге ээ жана жергиликтүү бийликтерден бул маселелердин аткарылышы үчүн толук берилип иштөөнү талап кыларын белгиледи.