Индияда 55 жаштан ашкан полиция кызматкерлерине көчөгө чыгууга тыюу салынды

Индиянын Мумбаи шаарында 55 жаштан ашкан полиция кызматкерлерине көчөгө чыгууга тыюу салынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Мумбаи шаарында коронавирустан 3 офицер каза болгондон кийин, улгайган кызматкерлерге чектөө киргизилген. Маалыматка ылайык, Мумбаи жайгашкан Махараштра штатында инфекцияны жугузгандар көп катталууда. Акыркы суткада 500 адам вирус жуктурганы аныкталган.

Учурда Индияда жалпы 29 миң 500 адам коронавирус жуктуруп, 939 бейтап каза болгон, ал эми карантин 3-майга чейин киргизилген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан