Ыйлагың келет... Шаарлар ээн калып, көчөлөр кулак-мурун кескендей тынчтыкка бөлөндү

Дүйнөгө кулачын кенен жайган коронавирустан жарым миллиондон ашуун адам жабыр тартып, 25 миңге чукул адам каза болду.

Бардык өлкөлөрдө өзгөчө кырдаал, абал киргизилип, адамдардын үйдөн чыгуусуна тыюу салынган учур. Буга чейин чоң шаарларда күнү-түнү кумурскадай тынбаган элди азыркы убакта кезиктирүү кыйын. Мындан улам шаарлар ээн калып, көчөлөр кулак-мурун кескендей тынчтыкка бөлөндү да калды.

Лондон. Чоң мегаполистеги "кымгуут" учурундагы көрүнүш.

Мюнхен. Жүргүнчүлөрү жок метро.

Венесуэланын борбору Каракас шаары. Карантиндин 2-күнү.

Лос-Анжелес. Адамдар жок Санта-Моника пляжын таануу кыйын.

Барселона. Лас Рамбластын көчөлөрүн көгүчкөндөр ээлеп алган.

Токио. Адамдар саякаттоону токтоткондо...

Түштүк Кореянын Тэгу шаары.

Сиэтл. Спейс-Нидлге барууга болбой турган сыяктуу хот-дог алууга да мүмкүнчүлүк аз.

Пакистан. Купеде эч кандай жолдош жок.

Афины шаарындагы карантин.

Париждеги Эйфель мунарасын көгүчкөндөр жалгызсыратпай турган чагы.

Вирустун очогу болгон Ухан шаары.

Вашингтон. Жаркыраган жол чырактар, автоунаалар бирин-серин жүргөн жол.

Италияда 10-марттан тарта карантин убагы башталган. Азыркы тапта бул өлкө
вирус жуктуруп алгандардын саны боюнча дүйнөдө 3-орунда турат.
Ал эми каза болгондордун саны боюнча өлкөлөрдүн сап башына чыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Jelezo
2020-03-28 00:06:09
Жаратылыш да эс алып алат экен жылына бир ай оору болбосо деле дүйнө жүзү боюнча бүт жер шаарында ушинтип кыймыл токтотсо экологияга,адамдарга аябай жакшы пайда болмок .
+8
murat17
2020-03-28 00:08:56
Ухань заманбап кооз шаар экен
+11
satyke
2020-03-28 01:06:21
"Жизнь после нас" деген документалдуу фильмден кадрларга окшоп кетет го.
+4
pyeon hwa
2020-03-28 01:33:00
Чын айтсам Кореянын Сеул шаарына озгочо кырдаал, абал киргизилген эмес, Сурот коронавируска байланышы жок, Кореядан Тегу шаарынале киргизилген болчу!
+2
Jeltelmen.99
2020-03-28 05:47:12
Бишкеке бир жылга карантин киргизип салганда эле асманын каптаган көк түтүндөн арылат беле тарпы чыккан машыналар жүрбөй калып
+4
elmira.
2020-03-28 10:46:07
Тиги когучкондого да суктанып кеттим эч балээ жукпайт,эркин журушот ))
0
Saidochka
2020-03-28 11:32:21
Жер шары эс алсын, Кудайым муну да бизге бекеринен жонотпогондур
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан