16-20-сентябрь күндөрү кыргыз кинолору Казакстанда
көрсөтүлөт. Кинематография департаментинин басма сөз кызматы маалымдагандай, кыргызстандык
режиссёрлордун эмгектеринен жаралган тасмалар Кыргызстандын Казакстандагы
маданият күндөрүнүн алкагында көрсөтүлөт. Казакстандыктар Т.Океевдин “Кызыл
алма”, Б.Шамшиевдин “Ак кеме”, Г.Базаровдун “Жер Эне”, Б.Карагуловдун “Бороондуу
бекет” тасмаларына күбө боло алышат.