Португалиянын көчөлөрүндө супер баатырлар пайда болду

Португалиянын борбор шаары Лиссабондо пандемия учурунда да иштеп жаткан мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери супер баатырларга айланды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, кызматкерлерге мындай костюмдарды кийгизүү тууралуу ой райондук кеңештин башчысына келген.

"Мен өзүм Жөргөмүш адамдын костюмун тандадым. Бул акциянын негизги максаты азыркы тапта пандемияга карабай, иштеп жаткан ар кесиптин ээлерине калктын көңүлүн буруу болуп эсептелет", - деп билдирген ал.

Португалияда карантин 18-марттан баштап кирген.

Өлкөдө жалпы 24 миң 322 адамдан коронавирус аныкталган. 1 миң 389 адам оорудан сакайып чыкса, 948 адам көз жумган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Neizvestno777
2020-04-29 13:59:31
Бетмендин костюмун кийген адамга боорум оруйт , жарганат адам ))))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан