"Өксүттүң жанды асылым, олтурам ыйлап шолоктой...". Экс-депутат Алмамбет Шыкмаматов жубайын жоктоду

Экс-депутат Алмамбет Шыкмаматовдун жубайы Жанара Турдакунова 6-июлда пневмониядан көз жумган. Өмүрлүк жарынан айрылган саясатчы жубайына арналган "Кош, жаным, жарым Жанарым" чыгармасын социалдык тармактагы баракчасына жазып, сүрөттөрү менен бөлүштү.

Канатым сынып кайрылды,
Бөлүшөөр барбы кайгымды?
Ажырап калдым жарымдан,
Өмүрлүк жаным, периштем.

Өксүдү жаным, ый толуп,
Санаага баттым ойлонуп.
Жазылган дешет маңдайга,
Башынан баары болжонуп.

Жаш элең, жаным жаш элең,
Баарына өзүң, баш элең.
Асылым сени, жар кылып,
Төрөп берген ата-энең.

Адамдан элең башкача,
Жарашчу сени мактаса.
Ажалды таптың доктурдан,
Болобу баса айтпаса.

Жашап бир келгем жомоктой,
Сен барда баарын тоготпой.
Өксүттүң жанды асылым,
Олтурам ыйлап шолоктой.

Кош жаным, жарым асылым!
Жоготту жүрөк жакынын.
Бүдөмүк болуп алды жак,
Жетпей бир турат акылым.

Өлкөдө март айынан бери коронавирустан 112 адам каза болсо, пневмониядан 268 жаран көз жумган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Makul
2020-07-08 15:35:41
Жаткан жери жайлуу болсун!!! Айла жок!!!
+18
Begimkyz
2020-07-08 15:42:11
Жаткан жери жайлуу болсун!
+17
Mina24
2020-07-08 15:43:48
Бейишин бересин
+18
Timurlan2017
2020-07-09 10:09:35
Жаман иш болуптур.
+1
rola
2020-07-09 10:27:08
Олум ак.Баарыбыз бул дуйнодо конокпуз.Козубуз тируу кезинде сыйлашалы.Жакшы созду аябайлы.Омур бир келет.Сабыр кылыныз.Карангы гору жарык болсун.Аллахым ар-бир мусулман пендесине бейишинен орун берсин.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан