Кыргыз өлкөсүндө ар кандай оору менен алышкан жарандар миңдеп саналат. Ал ооруларга онкология, өпкө, гепатит, кант диабети жана башка түрдүү дарттар кирет. Учурда алар дарысы жок, кыйынчылыкта күн кечирип жатышат. Өнөкөт оору менен алышкан жарандар азыркы тапта ден соолугуна зарыл болгон дарыны иче албай, каза болгондор да көбөйүп жатат.
Бул тууралуу жарандык активист Нурказы Батырбеков айтып, демилгелерди көтөрүп келет. Айтымында, аталган оорулар коронавирустан да коркунучтуу жана бул сыяктуу оорулар менен алышкан бейтаптар каралбай, кийинки планга жылып кеткен.
"Бүгүнкү күндө гепатит менен ооруган жарандардын ичкенге дарысы жок болуп жатат. Мамлекет коронавирустан 8 адам каза болду дегени менен өнөкөт оору менен каза болгондордун саны коронавируска салыштырмалуу көп. Бул өтө маанилүү, көкөй кескен көйгөйлүү маселе", - дейт ал.
Аталган маселеге байланыштуу, азыркы тапта дарысы жок, бирок дарт менен алышып жаткан жарандар SUPER.KG порталына арыз-муңун айтып беришти. Биз алардын айрымдарынын гана маселесин угууга жетиштик. Тилекке каршы мындай тагдырдагы бейтаптар өлкө аймагында жүздөп саналат.
Алтынай Аскерова:
"Мен гепатит В менен жабыркайм. Ал эми жолдошум гепатит С менен ооруп келет. Экөөбүз үйлөнгөндө бул оору тууралуу билген эмеспиз. Балалуу болор алдында анализ тапшырганда гана гепатит экенибиз билинди. Жолдошум оору жугузуп алып, өзү да билбей жүрө берген экен. Кийин текшергенде вирус көбөйүп кеткенин айтышты.
Экөөбүз биринчи укканда жаман болдук. Анткени дарыгерлер бизге балалуу болбошуңар керек деп билдиришти. Албетте, ооруканага көрүнүп, дарыларды ичип жүргөнбүз. Жолдошум күнүмдүк жумушта иштечү. Анын күнүмдүк алып келген акчасына дары-дармек алып турчубуз. Азыр карантинге байланыштуу иштей албай калдык. Мен өзүм үйдө отуруп, кийим тикчүмүн. Дарыбыз абдан кымбат болгондуктан, аны деле токтотууга аргасыз болдук. Эч кимден жардам сурай албай жатабыз".
Уулбү Жолдошова:
"Балам 23 жашта, гепатит жана боордун циррозу менен жабыркайт. Энтекавир, кавис деген дарыларды ичет. Шартка байланыштуу акча жок, дары ала албай жатабыз. Өзүм пенсионермин, ал акча эч нерсеге жетпейт".
Болот Мидинов:
"3 жылдан бери гепатит В жана D менен ооруйм. Азыркы учурда дарыдан кыйналып турган маалым, же дары ала албай же сыртка чыга албай, айлам алты кетти. Биздин үй-бүлөдө 4 уул, 1 кыз. Алардын арасында экөөбүз гепатит менен алышып келе жатабыз. Дары жагынан кыйналып, өзүм үйдө ооруп жатам. Өзүм колдонгон дары жок болгонуна байланыштуу энтекавир таап, азыр ушул дарынын акыркыларын ичип жатам. Бүгүн, эртең ал да түгөнөт. Азыр дары эмес, тамак-ашка акчабыз жок кыйналып турабыз".
Нурбек Мамытов:
"Мен гепатиттин В, D түрү менен ооруйм. Карантинге байланыштуу менин эле эмес, мен сыяктуу ооруган жарандардын баарынын дарылары түгөнүп, ала албай жатышат. Дарыларды акчага да сатып ала албай жатабыз, токтотпой ичишибиз керек эле. Гепатит дагы вирус таратуучу жугуштуу оору. Коронавирусту катуу карап жатышат. Ал эми гепатитти карабай коюшту. Азыркы тапта акыбалыбыз оор".
Гүлбү Бешилова:
"Мен Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун тургунумун. Жогорку Кеңештин депутаттарына, Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылуу жасагым келип турат. Себеби 1993-жылдан бери гепатит оорусу менен жабыркап келем. 2019-жылы боорумду алмаштырууга Индияга жөнөтүшкөн. Индиядан дарыланып, 6 айдан кийин келесиң деп жиберишкен.
Азыркы тапта Индияга барганга эл-журттан жардам сурап, жашап жаткан үйүмдү саттым. Азыр 6 ай өтүп, Индияга кайра бара албай калдым. Бирок дары жактан да, азык-түлүк жактан да эч кандай жардам болгон жок. Өзүм ден соолугуман мүмкүнчүлүгүм чектелген. Гепатит менен ооруган мен эле эмес, менден башка да толтура адамдар ыйлап-сыктап жатышат. Биздин оору коронавирустан да коркунучтуу".