Дүйнөдө коронавирус инфекциясын 138 миллион 21 миң 454 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 78 миллион 620 миң 765 бейтап айыгып чыкса, 2 миллион 971 миң 130 адам илдеттен каза болду. Мындай статистикалык маалымат бүгүн, 15-апрелге карата алынды.
Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 31 миллион 420 миң 418 болду. 564 миң 388 адам каза болсо, канча адам айыгып чыкканы боюнча маалымат жок.
Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 13 миллион 873 миң 825 адамдан аныкталды. 172 миң 85 адам каза болсо, 12 миллион 336 миң 36 бейтап айыкты.
Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 13 миллион 673 миң 507 адам вируска кабылган. 361 миң 884 бейтап көз жумса, 12 миллион 33 миң 880 бейтап оорудан сакайды.