Бүгүнкү күнгө карата коронавирус жуктуруп алганы аныкталган бейтаптардын ичинен алтоо медициналык кызматкерлер. Бул тууралуу онлайн маалымат жыйында Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Вирус жуктуруп алгандар:
Бишкек шаарында – 2;
Нарын облусунда – 3;
Ош облусунда – 1.
Муну менен коронавируска кабылган медициналык кызматкерлердин жалпы саны 191ге жетти.