Европадагы беделдүү мелдештердин бири болгон Чемпиондор Лигасы 7-августта жанданат жана плей-офф баскычындагы бардык оюндар бир эле өлкөдө, тагыраагы, Португалияда өтөт. Бул тууралуу УЕФАнын башкы катчысынын орун басары Жоржио Марчетти түз эфирде билдирди.
Маалыматка ылайык, турнирдин 1/4 финалы, 1/2 финалы жана финалы Португалияда өтөт. Ушул баскычка чыккан бардык командалар бир эле оюн өткөрүшөт. Мурдагыдай конокто жана өз үйүндө ойношпойт.
Турнирдин 1/4 финалына "ПСЖ", "Аталанта", "Атлетико Мадрид" жана "Лейпциг" командалары чыккан. 1/8 финалдагы башка командалардын оюну 7-8-август күндөрү өтөт. Азырынча бул оюндар кайсы шаарда өтөрү чечиле элек.
Чемпиондор Лигасынын күн тартиби:
7-8-август: 1/8 финалдагы жооптук беттештер өтөт ( кайсы шаарда өтөрү азырынча белгисиз);
12-15-август: жарым чейрек финалдык оюндар өтөт (Лиссабон шаарында);
18-19-август: жарым финалдык оюндар өтөт (Лиссабон шаары);
23-август: турнирдин финалы өтөт ("Эштадиу да Луш" стадиону, Лиссабон шаары).
Эске салсак, Чемпиондор Лигасы коронавирус пандемиясынан улам март айында токтотулган эле.