Бүгүн, 29-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум башталды. Бул тууралуу Кундуз Жолдубаева билдирди.
Маалыматка ылайык, соттук отурумга Алмазбек Атамбаев алып келинди.
Буга чейин 25-февралда Башкы прокуратура Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш ишинен өтүп жаткандарга айып актыларын тапшырганын жана башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 491 беттен турган айыптоо корутундусун бекиткенин КСДП мүчөсү Кундуз Жолдубаева айтып чыккан.