Өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал жарыяланган аймактардагы ишин кайра жанданта турган ишкана, мекемелерге милдеттүү болгон санитардык талаптар айтылды. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде Өкмөт үйүндө өткөн онлайн маалымат жыйында Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Ага ылайык, иштөөгө уруксат берилген жайларга коюлган талаптар:
- Ишин жанданткан ар бир ишканада милдеттүү түрдө кызматкерлердин дене табын өлчөгөн, күн сайын алардын абалы тууралуу маалымат чогултканга жоопкерчиликтүү адам болушу керек. Эгерде кайсы бир кызматкердин башы ооруп, жөтөлүп, дене табы жогоруласа же мындан башка оорунун симптомдору байкалса ал жумушка келбеши керек;
- Кызматкерлер жумушка сөзсүз түрдө медициналык бет кап тагынып келиши керек. Жумуш ордунда респираторлордун болуусу шарт;
- Ташуучу уюмдардын кызматкерлери массалык тартипти, аралыкты сактап, дезинфекциялоочу каражаттар менен нымдуу тазалоо иштерин жүргүзүүсү шарт;
- Кызматкерлер менен келгендердин ортосунда 1,5-2 чарчы метр аралыкты сактоону көзөмөлгө алынышы абзел;
- Иштеп баштаган жайларда кем дегенде 10-15 күнгө жетерлик антисептикалык каражаттар болушу керек;
- Ишкананын, мекеменин ичин жууп, тазалоонун инструкциясы көрсөтүлүп турушу шарт. Дезинфекция иштери жүргүзүлүшү керек;
- Жетекчилик тарабынан ар бир кызматкерди жеке гигиеналык каражаттар менен камсыз кылуу милдеттүү болот;
- Бөлмөлөрдү күнүнө 4-5 жолу желдетүү, бөлмөлөрдү жана иш столдорун дезинфекциялоочу каражаттар менен тазалоону камсыз кылуу;
- Объекттин ишине санитардык-эпидемиологиялык талаптар сакталган учурда гана уруксат берилет.