"Hubei Film Studios" киностудиясынын кинорежиссёру Чан Кай, анын эжеси, ата-энеси коронавирустан каза болушту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
55 жаштагы режиссёрдун үй-бүлөсү вирустун очогу болгон Ухан шаарында жашашкан. Алгач январь айында Чан Кайдын атасы өзүн жаман сезип баштаган. Ооруканалардын баары толуп, орун жок болгондуктан атасы 28-январь күнү үйүндө көз жумган. Ал учурда башкаларга да вирус жугуп калганы аныкталып, бир нече күндөн кийин режиссёрдун апасы каза болот. Андан көп өтпөй режиссёр өзүн жаман сезип, вируска кабылганын билет. Чан 14-февраль күнү вирустан көз жумган, анын артынан эле бир нече сааттан кийин эжеси дүйнө салган. Учурда кинорежиссёрдун жубайы оор абалда экендиги айтылууда. Маалыматтарга караганда, вируска кабылгандардын баары ооруканага жаткырылганы менен дарыгерлер алардын жанын сактап кала алган эмес.