Жакында эле коронавирустан айыккан Британиянын премьер-министри Борис Жонсон уулдуу болду

Британиянын премьер-министри Борис Жонсондун жарандык никедеги аялы Кэрри Саймондс уул төрөдү. Бул тууралуу британиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, эне-баланын абалы жакшы. Саймондс белгиленген убакыттан эрте көз жарган.

Борис Жонсон коронавирус илдетинен айыгып, дүйшөмбү күнү жумушка чыккан. Ал абалы өтө оор болгонун, жубайында дагы оорунун белгилери байкалганын, бирок ал бат эле жакшы болуп кеткенин айткан.

Кэрри Саймондс Борис Жонсондон 24 жашка кичүү. Алар резиденцияда расмий түрдө үйлөнбөй туруп жашаган Британиянын тарыхындагы 1-түгөйлөр.

Жонсондун биринчи аялы Марина Уилер болгон. Жубайлардын ортосунда 4 баласы бар. Алар 2018-жылы ажырашып жаткандыгы тууралуу билдиришкен.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан