Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча дагы 38 жаран коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Мындай маалыматты саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда айтты.
Бишкек шаары – 19;
Чүй облусу – 6;
Нарын облусу – 1;
Ош шаары – 6;
Ош облусу – 3;
Жалал-Абад облусу – 2;
Талас облусу – 1.
Республика боюнча жалпы 2093кө жетти.