"Коронавирустун жеңил түрү дагы барбы?". Министрдин жообу

Япониядагы круиздик лайнериндеги Кыргыз жараны коронавирус жуктургандыгы тууралуу жыйын учурунда тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов билдирген. Ал лайнердеги Кыргыз жараны тапшырган тесттен коронавирус аныкталганын жана ал коронавирустун жеңил түрү экенин айткан болчу.

SUPER.KG порталынын "Коронавирустун жеңил түрү дагы болобу?" деген суроосуна саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев төмөнкүдөй жооп узатты. Айтымында, коронавирус менен жабыркагандардын 80 пайызы вирустун жеңил түрүн жуктурган.

"Маалымат боюнча, ооругандардын 80 пайызы коронавирустун жеңил түрүн жуктургандар. Ал эми 13-14 пайызы вирустун оор түрү жана 4,7 пайызы өтө оор түрү менен катталган. Ошондуктан коронавирустун аталган үч баскычтагы түрү кездешүүдө”, - деди Чолпонбаев.

Министрлик жума намазын окууну кыскартып турууну сунуштады
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Qwerty2018
2020-02-28 13:38:33
Туура жазылаберет
Аталан, жэ аталган
0
Tolik777
2020-02-28 13:59:38
Негизи Кыргызстан койдун майын жакшы упаковкалап жана маркетинг жургузуп, дуйнодогу эн бай мамлекетке айланышы мумкун. Коронавируска тек гана койдун майы керек жана арча.
+3
guard
2020-02-28 14:33:33
Tolik777 аны кандай кылып, койдун майын ичип, арча тутотуп, жыттаппы?
+1
Marks
2020-02-28 15:31:00
Tolik777, Дабасы ошол эле болуп калса кана!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан