Акын жана журналист Зайырбек Ажыматов 43 жашында каза болду. Ал бир айдан кийин 44кө чыкмак. Анын каза болгонун санаалаштары ырасташты.
Зайырбек Ажыматов 1976-жылы 27-майда Аксы районунун Ак-Жол айылында төрөлгөн. 1993-жылы айылдык орто мектепти, 1998-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
"Жалгыздык" (1996-жыл), "Мелмил" (2005-жыл), "Нөлү көп жылдар" (2011-жыл) ыр жыйнактарынын автору.
Журналистикадагы эмгек жолун 1998-жылы "Асаба" гезитинен баштап, "Кыргыз Туусу", "Бишкек таймс" гезиттеринде, КТРКнын радио тармагында, "Жаңы Агым" гезитинде иштеп, акыркы жылдары "Азаттык" үналгысында иштеп жүргөн.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Зайырбек Ажыматовдун көз жумганына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.