ЭЛДИК КАБАР: Ала-Бука районуна блок посттор коюлуп, айылдардан кирип, чыгуу чектелди

Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районуна башка айыл тургундарынын кирип, чыгуусуна чектөө койгон блок посттор коюлду. Бул кабарды окурман "Элдик кабар" бөлүмүнө жөнөттү.

Видеодо 28-марттан тартып Ала-Бука районунун аймагына кирүүгө чектөө киргизилгени айтылат. "Урматтуу Ала-Бука району, Ызар, Баймак, Кош-Терек, Тельман, Ак-Коргон айылдарынын жашоочулары, 28-марттан тарта жол жабылат. Айыл аймактарынан уруксат кагаз, маршруттук кагаз менен гана өтүүгө болот", - деп айтылат кайрылууда.

Белгилей кетсек, учурда Ала-Бука районунда эки жаран коронавирус жуктурганы аныкталган.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Ала-Бука районуна блокпосттор коюлду
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан