Беларуста ооругандардын саны 13 миңге жетсе да өлкөдө карантин киргизиле элек

Беларусь өлкөсүндө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 13 миң 100гө жетти, алардын 84ү көз жумду. Буга карабастан өлкөгө карантин киргизиле элек. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, өлкөдө эл көп чогулган жайлар, чиркөөлөр азыркы убакта ачык.

Бийлик өкүлдөрү эпидемиянын бар экенин моюндарына албай жатышат. Ал эми Минсктеги дүйнө жүзүндөгү эң ири монастырлардын башчысы ооруну "Кудайга ишенбегендердин жазасы" деп атаган. Пасха майрамында элдер чиркөөлөргө барып, вирус жуктуруп алышарына ишенбестен иконаны өбүшкөн.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
titanik32
2020-04-30 12:11:40
Бир болсо ушул Лукашенко менен Рахмон иштешип атат коронавирус чыгаргандар менен.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан